Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

БУУ: эксперттер Сирияга токтоосуз барууга тийиш


Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттери тез арада Сирияга барып, каршылашкан тараптар “химиялык куралдарды колдонду” деген даттанууларды иликтеп чыгышы абзел. Нью-Йоркто БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун атынан жарыяланган билдирүүдө, Сирия өкмөтү “миссиянын иши үзүрлүү, негиздүү жана коопсуз болуусу үчүн татыктуу кызматташканга макулдук бергени”, ошондой эле, эксперттердин эки апта ичинде химиялык куралдар колдонулду деген жайларды кыдыруусуна ынанганы белгиленет. Британия, Франция жана АКШ бийликтери Сирия армиясын кыргын салчу куралды пайдаланды деп айыптаган. Асаддын өкмөтү, тескерисинче, козголоңчуларды химиялык куралдарды пайдаланды деп күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG