Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Шиндзо Абе улуттук храмга барып, таат кылбады


Жапониянын премьер-министри Шиндзо Абе улуттук ыйык жайлардын бири саналган Ясукуни храмына барган жок.

Храм кан майданда, анын ичинде Экинчи дүйнөлүк согушта набыт болгон жапон аскерлерине жана согуш кылмышкери деп соттолгон улут лидерлерин эскерип тургузулган.

Жапониянын мурдагы лидерлеринин Токиодогу бул храмга баруусу 20-кылымда жапондордун баскынчылыгына кабылган Кытай менен Түштүк Кореянын катуу нааразылыгын жараткан. Либералдык демократиялык партия башындагы өкмөттүн эки мүчөсү гана Ясукуни храмына барып, таат кылышты. Бул салт Экинчи дүйнөлүк согуштун бүткөн күнүн утурлай өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG