Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Бейшенбай Жунусов Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды


Мындай жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду. Ага ылайык, коопсуздук кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев башка ишке өткөнүнө байланыштуу анын ордуна Бейшенбай Жунусов дайындалды. Жунусов буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп эмгектенген. Июнь айында ал бул кызматтан бошотулуп, анын ордуна Бусурманкул Табалдиев барган эле.

Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Темир Жумакадыров Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды. Буга чейинки орун басар Дүйшөнбек Зилалиев өткөн айда Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин төрагасы болуп дайындалган.(BkA)

XS
SM
MD
LG