Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Казакстан Кыргызстандан сүт ала башташы мүмкүн



Казакстан жакынкы мезгилден тарта Кыргызстандын айрым сүт комбинаттарынын сүт азыктарын сатып ала башташы мүмкүн.

Бул тууралуу "Азаттыкка” санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция алдындагы ветеринардык департамент башчысы Жаныбек Султанов билдирди. Анын айтымында, эки апта мурун Казакстан жана Орусиянын эксперттери келип Кыргызстанда өндүрүлгөн сүттүн, сүт азыктарынын сапатын жана адам саламаттыгынын коопсуздугун көзөмөлдөн өткөрүштү. Текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт талапка жооп бергени дайын болгон. Учурда эксперттер бул боюнча корутундусун даярдап жатышат. Бул корутундуга ылайык, Казакстан Кыргызстандагы бир катар сүт комбинаттарынын азыктарын сатып алууну жандантышы мүмкүн. Былтыр декабрь айында текшерүүдөн соң Казакстан “Бишкек сүт” жана “Кант сүт” комбинаттарынан сүт азыктарын сатып алууга уруксат берген.

Казакстан Кыргызстандан былтыр октябрь айынан тарта сүт алууну токтоткон. Буга Кыргызстанда малдын башын идентификациялоо мыйзамы кабыл алынбаганын жана өлкөдөгү санитардык-ветеринардык абалдын начардыгы жүйө катары келтирилген. Малды идентификациялоо жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңеш июнь айында кабыл алып, президент ага жакында кол койду.(BkA)

XS
SM
MD
LG