Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Жумгалдан Бангладешке кеткен эки окуучу кайтып келди


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Кыдыралиев маалымдады. 2012-жылы аталган райондогу 10-15 жаштагы өспүрүмдөрдүн Бангладешке диний билим алуу үчүн кетип жатканы дайын болгон.

Бул боюнча УКМКнын жергиликтүү бөлүмү маалымат таратып, иш текшерилип жатканын билдирген. Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматында, буга чейин үчөө кайтып келген эле. Эми дагы экөө кайтып келди. Алар райондогу медреседе жана кесиптик окуу жайларда билим алып жатышат. Калган төрт өспүрүмдүн кандай шартта билим алып жатканы тууралуу маалымат жок.

Кыргызстан менен Бангладеш ортосунда билим берүү кызматташтыгы тууралуу расмий макулдашуу жок.(BkA\TSh)

XS
SM
MD
LG