Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

Ата Түрк сейилбагындагы көп кабат үйдүн курулушу токтотулду


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, прокуратура жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине аталган сейилбактагы курулуп жаткан көп кабаттуу үй боюнча жарыяланган макаланын негизинде текшерүү жүргүзгөн. Текшерүү жүрүшүндө буга чейин эле Бишкек шаардык прокуратурасы аталган үйдү куруу мыйзамсыз экенин аныктап, шаардык архитектура башкармалыгына эскертүү бергени дайын болгон. Мындан улам үйдүн курулушу токтотулду. Буга кошумча, сейилбактан жер тилкесин берүү тууралуу чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык райондор аралык сотуна арыз жолдонду.(BkA)

XS
SM
MD
LG