Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

АКШ Египет менен биргелешкен аскерий машыгуусун токтотот


Барак Обама эмгек өргүүсүндө жүргөн жеринен Египет боюнча билдирүү жасоодо. 15-август, 2013-жыл.
Барак Обама эмгек өргүүсүндө жүргөн жеринен Египет боюнча билдирүү жасоодо. 15-август, 2013-жыл.
Келерки айга мерчемделген машыгууну АКШ Египеттеги кыянатчылыктардан улам токтотуп жатканын президент Барак Обама билдирди.

Обама АКШ Египеттин азыркы өкмөтү көргөн чараларды кескин айыптай турганын белгилеп:

-Биз күч колдонуу саясий пикир-келишпестиктерди чечүүнүн жолу деп эсептебейбиз. Бир нече апта мурдагы аскерий кийлигишүүдөн кийин элдешүүгө жана демократиялык багытты көздөөгө мүмкүнчүлүк калган. Мунун ордуна биз кыйла кооптуу жолду, мыйзасыз камоолорду, Мурси мырзанын кызматташтары менен жактоочуларына каршы кеңири чабуулду, эми болсо, тилекке каршы, жүздөгөн адамдын өмүрүн алган, миңдеген кишини жарадар кылган кыянатчылыкты көрүп жатабыз.

АКШ президенти жарандардын нааразылыкты тынч билдирүүгө болгон укугу урматталуусу зарылдыгын, Египетте өзгөчө абал тартиби жоюлушу керектигин, Вашингтон бул өлкөнүн саясий партияларынын же саясий фигураларынын биринин да тарабында эместигин кошумчалады.

Египеттин Саламаттыкты сактоо министрлигинин соңку маалыматтарына караганда коопсуздук күчтөрү менен бийликтен кулатылган президент Мурсинин жактоочуларынын шаршембидеги кагылыштарынан 525 кишинин өмүрү кыйылып, 3,5 миңден ашуун киши жаракат алган. (UE)

XS
SM
MD
LG