Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

Кыргыз-өзбек чек ара маселеси талкууланат


4-cентябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселелерин чечүү боюнча өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүү болот. КР вице-премьер-министри Токон Мамытов “Азаттыкка” курган маегинде билдиргендей жолугушуу Өзбекстанда болмокчу. Анда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана чек аралардагы өткөрүүчү бекеттер тууралуу маселелер козголот.

11-августта Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын башчылары Үрүмчүдө антитеррордук окуунун алкагында жолуккан. Маалыматтарга ылайык, Курманакун Матенов менен Рустам Эминжанов коңшулаш эки өлкөнүн кызматташтыгы, чек ара аймактарында ар кандай чыр-чатактарга жол бербөө тууралуу сүйлөшкөн.

Өткөн айда Аксынын Жети-Загара чек ара бекетинде кыргыз-өзбек чек арачылары атышып, натыйжада бир өзбек чек арачысы набыт болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG