Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Кыргыз-казак президенттери жолугушат


Жолугушуу Азербайжандагы түрк тилдүү өлкөлөр кеңешинин саммити алкагында болорун президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Кечээ Алмазбек Атамбаев Түркия президенти Абдулла Гүл жана Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиев менен жолугушкан. Кабарчыбыздын маалыматы боюнча, Атамбаев жолугушуу учурунда түрк тилдүү мамлекеттер кеңешине башка түрк тилдүү өлкөлөрдү кошуу демилгесин көтөрдү.

Азербайжандын Габала шаарында кечээ башталган түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммити бүгүн да уланат. Жыйында уюмга кирген мамлекеттер ортосунда эркин соода аймагын түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланууда. Бүгүнтөн тартып, Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешине Азербайжан төрагалык кылат.

Түрк тилдүү мамлекеттер кеңеши түрк тилдүү өлкөлөрдүн тилин жана маданиятын сактоо, өз ара саясий-экономикалык жана маданий кызматташууну кеңейтүү максатында түзүлгөн. Кеңешке Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркия мүчө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG