Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Сеулда “Мекендештер” тасмасынын бет ачары болот


Кино тасма Кыргызстандын эгемендик майрамын утурлай, 18-августта Түштүк Кореянын борбор калаасында көрүүчүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө тартууланат. Тасманын сценаристи Нурбек Кожобаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, фильм жакын арада Кыргызстандагы көрүүчүлөргө да сунушталмакчы.

“Мекендештер” тасмасында Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандык мигранттардын жашоосу чагылдырылган, аны тарткан режиссердон тартып, ролдорду ойногон актерлордун баары карапайым мигранттар. Тасманын режиссеру - Тагай Өзүбеков. Бюджети 45 миң долларды түзгөн тасмага каражат катышкан адамдардан жана жергиликтүү ишкерлерден топтолгон.

“Мекендештер” тасмасы өткөн жылдын аягында Түштүк Кореянын борбору Сеулда өткөн фестивалда тартууланып, кыргызстандыктардын жана корейлердин жакшы баасына татыган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG