Орус өкмөтү Украинанын товарларын импорттоонун токтотулушуна эч кандай тиешеси жоктугун билдирүүдө. Өкмөттүн маалымат кызматы бул чечим импорттук товарларга көзөмөлдү күчөтүү максатында Бажы кызматы тарабынан кабыл алынганын билдирди. Бажы кызматы “Азаттыкка” чечиминин себебин чечмелеп берүүдөн баш тартты. Украинанын премьер-министри Микола Азаров чектөө Бажы биримдигинин түзүлүшүнө байланыштуу маселе деп билдирди.
Москва Киевди Европа биримдиги менен эркин соода келишимин түзүү максатынан баш тартып, Бажы үчилтигине кошулууга үндөгөн.
Москва Киевди Европа биримдиги менен эркин соода келишимин түзүү максатынан баш тартып, Бажы үчилтигине кошулууга үндөгөн.