Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Жалал-Абадда футбол боюнча мелдеш өтөт


17-18-августта өтө турган мелдеш 2010-жылы июнь окуясында каза болгон 3 милиция кызматкеринин элесине арналат. Иш-чараны Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жана Жалал-Абад облустук футбол федерациясы уюштурууда.

Мелдешке Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Бишкек шаарынан спортчулар жана мурдагы республикалык "Алга", кочкораталык "Нефтчи" командаларында ойногон ардагер футболчулардын командалары катышаарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жусуп Камбаралиев 16-августта "Азаттыкка" кабарлады.(YA)
​
XS
SM
MD
LG