Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Ошто жасалма акча алып жүргөн адам кармалды


Ош шаарында 43 даана 500 сомдук жасалма акча менен Кара-Суу районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. 14-август күнү кармалган 32 жаштагы жарандын колундагы акчалардын барында бир эле сериялык номер жазылган.

Жасалма акча менен колго түшкөн адам аны атайын пайдаланууга аракет кылганы же башка бирөөгө алданганы териштирилүүдө. Учурда ал шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында камакка алынды. (SE)

XS
SM
MD
LG