Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

17-августка карата аба ырайы


17-августта өлкө аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет, Ысык-Көл аймагында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32 градус ысыйт. Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31 градус ысык болот. Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33 градуска чейин көтөрүлөт. Баткенде түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32 градус ысыйт. Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26 градуска жетет. Нарында түнкүсүн 4...9, күндүз 25...30 градуска чейин ысыйт.

Борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14...16, күндүз 29...31 градус болот.

XS
SM
MD
LG