Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:12

Ошто “Жашасын, кыргыз ырлары!” аттуу фестивал өтөт

Ошто түрдүү улут өкүлдөрүнүн арасында “Жашасын, кыргыз ырлары!” аттуу фестивал болот. 18-августта өтүүчү бул иш-чараны Эгемендик майрамына карата “Ынтымак” коомдук аймактык телерадиокомпаниясы уюштурууда. Бул тууралуу аталган медиамекеменин башкы редактору Бегайым Садыкова билдирди.

Фестивал Кыргызстанда жашаган улуттарды ынтымакка чакыруу, биримдикти даңазалоо жана мамлекеттик тилге сый-урмат көрсөтүү максатында уюштурулууда. Иш-чарага сахнадан алыс, ар башка кесиптеги 10 жаран катышат. Булардан сырткары таанымал ырчылар да чакырылган. Фестивалда Мекен, үй-бүлө жана ата-эне жөнүндө кыргызча ырлар жаңырмакчы.

“Ынтымак” телерадиоканалы жыл башында Кыргызстанда жашаган өзбек улутундагы ырчылардын “Сизди сагындык” аттуу концертин да уюштурган. (SE)
XS
SM
MD
LG