Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

"Киношок” фестивалына кыргызстандык 11 тасма катышат


15-22-сентябрга чейин Орусиянын Анапа шаарында өтчү КМШ жана Балтика жээгиндеги өлкөлөр арасында “Киношок” фестивалына кыргызстандык режиссерлордун 11 тасмасы катышат. Бул тууралуу өкмөт алдындагы кинематография департаментинен кабарлашты.

Фестивалда Руслан Акундун “Салам Нью-Йорк”, Темир Бирназаровдун “Кумар”, Эрнест Абдыжапаровдун “До+фа”, “Такси жана телефон”, Акжол Бекболотовдун “Карт бойдок”, Наргиза Маматкулованын “Зефир”, Алижан Насыровдун “Кара далы”, Данияр Абдыкеримовдун “Гу Жүн Пөгө кантип турмушка чыгууга болот?”, Эрке Жумакматованын “ “Кыргызстан, мен сени сүйөм!”, Нуржамал Карамолдоеванын “Бычара” жана Адилет Акматовдун “Мурас сыры” атуу тасмалары катышат.(BkA)

XS
SM
MD
LG