Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Орусиянын Ыраакы Чыгышында суу каптады

Табигый апааттан улам 113 шаар-кыштактан 14 миңден ашуун адам коопсуз жайларга шашылыш көчүрүлдү. Чукул кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, өткөн аптадан берки топон суудан Амур облусу, Хабаровск крайы жана Жөөт автономиялык облусунда 4 600дөн ашык турак-үй бузулган.

Хабаровск шаарында Амур дарыясынын деңгээли 6 метр бийикке көтөрүлгөн жана дагы кирүүдө. Зей жана Бурей ГЭСтеринде былтыркыдай алаамат кайталанбас үчүн суу агызылууда. 2012-жылы Краснодар крайында плотина жырылып кетип, Крымск шаарында 170тей адам курман болгон. Суу каптаган региондорго азык-түлүк, зарыл техника жана медициналык кызматкерлер жиберилди.
XS
SM
MD
LG