Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

Ош: клиникалык оорукана кызматкерине кылмыш иши козголду


Ош шаардык клиникалык ооруканага тийиштүү дарыкананын жетекчисине кылмыш иши козголду. Ал ооруканага таандык жалпы суммасы 85 584 сомдук дары-дармектердин акчасын өз пайдасына колдонгон деп айыпталууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Кармалган жетекчи үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматынан кыянаттык менен пайдаланды" деген беренеси боюнча иш козголду. Тергөө иштери уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG