Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия президенттери Түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы экономикалык кызматташууну дагы бекемдейли деп макулдашты.
Бул тууралуу Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Азербайжандын Габала шаарында жума күнү болгон жыйынында маалымдалды. Президент Нурсултан Назарбаев өз ара сооданы дагы жакшыртууну, туризм жана байланыш тармагында чогуу кызматташканды сунуш кылды. Президент Атамбаев Түркияны Борбор Азия аркылуу Кытайдын Кашкар шаары менен туташтырган темир жол курууга, президент Алиев энергетика, тоо-кен жана траспорт секторунда кызматташууну чыңдоого чакырды. Төрт лидер мамлекеттер ортосунда эркин соода мейкиндигин түзүү мүмкүндүгүн да талкуулашты. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңеши 2009-жылы негизделген.