Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Жалал-Абад: кара куурай менен кармалып жатышат



Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын маңзатка каршы күрөшүү бөлүмү Кара-Көл шаарынан Р.Х. аттуу жаранды бир килограмм кара куурай менен колго түшүрдү. Кармоо учурунда ал 1982-жылы туулган Таш-Көмүр шаарынын тургуну Р.Х. экени маалым болду.

Маалыматка ылайык, ал кара куурайды Токтогул суу сактагычынын айланасынан өз колу менен даярдаган. Ушундай эле кылмыш облустун Тогуз-Торо аймагында катталды.Казарман айылынын тургуну С.А. башкарган автоунаа кузовунан жыты марихунага окшош чөп табылган. Учурда бул эки кылмыш боюнча тергеп-иликтөө иштери жүрүп жатканын ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады. (YA)

XS
SM
MD
LG