Бүгүн кечинде Кант шаарында футбол боюнча Кыргызстан-2013 кубогу үчүн жарым финалдык оюну башталат. Мында өлкөнүн 8 жолку чемпиону жана 2012-жылдын кубогунун ээси "Дордой" командасы Канттын "Абдыш-Ата" клубу менен беттешет. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын башкы катчысы Дастан Конокбаев билдирди.
18-августта экинчи жарым финалда Бишкектин "Алга" командасы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Оштун "Алай" командасы менен ойнойт.
Жооп иретинде 25-августта "Дордой" өздөрүнүн стадионунда "Абдыш-Ата" менен беттешсе, "Алай" Ошто "Алга" менен күч сынашат. Өлкө кубогу үчүн жарым финалга Бишкектин "Алга","Дордой" , Канттын "Абдыш-Ата" жана Оштун "Алай" командалары чыккан. Өлкө кубогунун финалы 31-августта - Эгемендик күнү болмокчу. (КМа)