Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:31

Атамбаев Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз облусунун башчысын кабыл алды


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Синьзян-Уйгур автономиялуу районунун Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун Элдик Өкмөтүнүн төрагасы Пархат Турдуну кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу маданий-экономикалык кызматташтыкты мындан нары өнүктүрүү маселелери талкууланганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасы менен жакшы кошуналык мамилелерди, достук жана эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө чоң маани берип, ал стратегиялык өнөктөштүккө өтүшүн белгиледи.

Өз кезегинде Пархат Турду кыргыз президентине облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Синьзян-Уйгур автономиялуу районунун Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун 60 жылдыгын майрамдоого даярдык жөнүндө айтып берди.

XS
SM
MD
LG