Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Депутаттын жардамчысы 11 жылга кесилди


Бүгүн Свердлов райондук соту “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жыргалбек Саматовдун жардамчысы Таалайбек Жакыповду 11 жылга күчөтүлгөн тартипте түрмөгө кести. Жакыпов буга чейин Бишкекте автоунаасы менен үч адамды коюп кетип, үчөө тең каза болгон эле. Сот Жакыповду 3 млн. 857 миң 520 сом моралдык жана материалдык чыгымды төлөөгө да милдеттендирди. Прокурорлор айыпталуучуга 12 жыл жаза берүүнү өтүнгөн болчу.

Өткөн жылдын декабрь айында депутаттын жардамчысы “Жип” үлгүсүндөгү автоунааны айдап баратып, жол чыракка карабай өтө бергенде ири автокырсык катталып, натыйжада үч киши каза тапкан эле. Бул окуядан соң депутаттын жардамчысы мас абалында болгону аныкталган.

XS
SM
MD
LG