Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Түркмөн президенти партия жетекчилигинен кетти


Гурбангулы Бердымухамедов
Гурбангулы Бердымухамедов
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өз өлкөсүндө көп партиялуулукту колдош үчүн башкаруучу партиянын жетекчилигинен кетээрин жарыялады. Бүгүн партиянын курултайында сүйлөп, Бердымухамедов «көп партиялуу системада мамлекет башчысы эч бир партияны жетектебеши керектигин» эске салды.

Гурбангулы Бердымухамедов өлкөдө Демократиялык партияны 2006-жылдан бери, мурдагы президент Сапармурат Ниязов көз жумгандан бери башкарып келатат. Түркмөн ССРинин компартиясынын негизинде куралган ал партия өлкөдө акыркы 20 жылдан бери жалгыз саясий партия болуп келген. Өткөн жылы жумуриятта Өндүрүшчүлөр жана ишкерлер партиясын түзүү боюнча мыйзам кабыл алынган.

Азыр Демократиялык партияда 190 миңдей мүчөсү бар. Өндүрүшчүлөр жана ишкерлер партиясына эки миңдей адам мүчө. Булар экөө тең декабрда өтө турган парламенттик шайлоодо күрөшөт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG