Египетте “Мусулман агайындар” кыймылынын жүздөгөн жактоочусу жашырынган мечитти өлкөнүн коопсуздук күчтөрү толук тазалашканын кабарлашты. Бүгүн алар аталган мечитке чабуул коюшкан. Мечиттин мунараларына ок атылганы айтылган эле.
Айрымдар камалганы кабарланууда. Каирдеги ал мечитте кечээги кандуу нааразылык маршына катышкан жүздөгөн адамдар бекинип турушкан. Жума күнү кагылыштарда өлгөндөрдүн саны 173 адамга жеткени кабарланды.
Шаршембиден берки кагылыштарда көз жумгандардын саны 750дөн ашты. “France-Presse” маалымат агенттиги жумуриятын Ички иштер министрлигине шилтеме менен “Мусулман агайындар” кыймылынын миңден ашуун жактоочусу камалганын кабарлады.