Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:41

Кытайда жаштардын Азия оюндары өтүүдө


Бүгүн Кытайдын Нанкин шаарында жаштар арасында Азия оюндарынын таймаштары уланууда. Мында спорттун 16 түрү боюнча Азиядагы 45 өлкөнүн жаш спортчулары күч сынашууда. Экинчи ирет өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын намысын спорттун 6 түрү боюнча 14 спортчу коргоп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нанкинден делегациянын басма сөз катчысы Жанар Кабыл кызы билдирди.

Мелдештин жүрүшүндө 17-августта кыргызстандык оор атлетчи Манас Стамалиев 5-орунга илинди. Дзюдо күрөшүндө 55 килограмм салмакта Алибек Чороев сириялык, кытайлык жана тайланддык атаандаштарын утуп, коло байге үчүн күрөштө кореялык Ли Жонгго жеңилип, 5-орун менен чектелди.

Кыргызстандык 14 спортчу дзюдо, ок атуу, таэквондо-WTF, сууда сүзүү, оор жана жеңил атлетика боюнча намыс талашууда. Жаштардын экинчи Азия оюндары 25-августта жыйыныкталат. (КМа)

XS
SM
MD
LG