Бул жөнүндө кечээ өлкөнүн өзөктүк иштер боюнча өкүлү катары иштен кетип жаткан Ферейдун Аббаси Давани билдирди. Анын айтымында, Иранда азыр мурдагы IR-1 үлгүсүндөгү центрифугалардан 17 миң даана бар. Алардын бир миңи ишке берилген, калганы даяр турат. Буга кошумча өлкөдө бир миң жаңы үлгүдөгү центрифуга бар экенин, алардын баары ишке берилсе, өлкө мурда пландалгандан алда канча тезирээк уран байыта алаарын кошумчалады.
Ирандын жаңы президенти Хасан Роухани жумурияттын Атомдук энергетика боюнча уюмунун башчысы катары буга чейин тышкы иштер министри болуп турган Али Акбар Салехини дайындады.
АКШ жана анын союздаштары Тегеранды “атом бомбасын жасаганга далалаттанып жатат” деп чочулашат. Иран болсо муну четке кагып, анын өзөктүк программасы жайчылык максатты гана көздөөрүн билдирүүдө.