Кара-Суу шаарындагы шайлоо учурундагы чырдан үч адам жаракат алганын жергиликтүү оорукананын башкы дарыгери Каныбек Муратов билдирди. Анын айтымында, Мунарбек Райымбеков аттуу адам бөйрөгүнө бычак жеген. Ага операция жасалып, учурда реанимацияда. Андан башка Исламбек Каримов аттуу адамдын колуна, Нурмухаммед аттуу адамдын көкүрөгүнө ок тийген.
Маалыматтар боюнча, Райымбеков Социал-демократтар партиясынын, Нурмухаммед аттуу адам (азырынча фамилиясы тактала элек) “Өнүгүү” партиясынын өкүлү
Бүгүн Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо учурунда Социал-демократтар жана "Өнүгүү" партияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда чыр чыгып, ок атылган. Чыр добуш берүү жүрүшүндө чыккан айтылууда. Ички иштер министрлиги бул боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди.(ErN/BkA)