Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:01

"Атажуртчу" депутаттарды мандатынан ажыратуу маселеси ушул аптада каралат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Гулнара Журабаева билдирди. Анын айтымында, БШК Жогорку Соттун “Ата-Журт” депутаттары боюнча токтомун алды. Эми сот чечимине негиздеп БШКнын мүчөлөрү депутаттарды мандатынан ажыратуу боюнча токтом чыгарышы керек.

Жогорку Сот 6-августта “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду күнөөлүү деп тапкан. Ага ылайык, сот былтыр 3-октябрдагы митингде бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айыптап, Ташиев менен Жапаровго 1 жыл 5 ай, Мамытов менен Ташиевдин жансакчыларына 1 жылдан жаза мөөнөтүн берди. Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды күнөөлүү деп тапса, Бишкек шаардык соту актаган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG