Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

20-августка карата аба ырайы


20-августта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облустунун чыгышында жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 29...34 градус ысыйт. Таласта түнкүсүн 8...13, күндүз 27...32 градус ысык болот. Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 18...23, күндүз 31...36 градуска чейин көтөрүлөт. Баткенде түнкүсүн 16...21, күндүз 30...35 градус ысыйт. Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27 градуска жетет. Нарында түнкүсүн 8...13, күндүз 26...31 градуска чейин ысыйт.

Борбор калаа Бишкекте жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 12…14 градус, күндүзгү жогорку температурасы 32...34 градус ысык болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG