Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Сирияда БУУнун эксперттери химиялык курал боюнча иликтөө баштоодо


БУУнун химиялык курал боюнча эксперттер тобунун башчысы Эйк Селлстром Дамаскта. 18-август, 2013-жыл.
БУУнун химиялык курал боюнча эксперттер тобунун башчысы Эйк Селлстром Дамаскта. 18-август, 2013-жыл.
Улуттар уюмунун швециялык эксперт Эйк Селлстром жетектеген тобу Дамаска кечээ келген. Өлкөдө химиялык курал колдонулган-колдонулбаганы боюнча бүгүн башталуучу иликтөөнүн алкагында алар үч жайды, анын ичинде Алеппо шаарынын жанындагы кыштакты да көрөрү күтүлүүдө.

БУУ эксперттеринин сапарын утурлай Сирия тышкы иштер министринин орун басары Файсал Мекдад өкмөт инспекторлорго бардык жардамды көрсөтөрүн убада кылды. Бул сапарды Сирия оппозициясы да кубаттоодо, бирок алардын өкүлдөрү иликтөө ийгиликке жетеринен күмөн санап турат.

БУУнун Жакынкы Чыгыш боюнча боюнча чабарманы Роберт Серринин өткөн айда Коопсуздук кеңешинде билдиргенине караганда, алар Сирияда химиялык курал колдонулду деген маалыматты он үч жолу алышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG