Мушташ оппозициячыл депутаттар менен сакчылардын ортосунда чыкты. Оппозициячыл депутаттарды имаратка киргизбей койгондо, алар сындырылган айнек аркылуу кирип барышкан.
Ушундан кийин башталганына он эле минут болгон сессия токтотулду.
Өзү оппозиция бир нече айдан бери шаардык кеңештин сессиясына жолтоо кылып, шаардык кеңешти жана Киевге мэр шайлоону быйыл өткөрүүнү талап кылып келишкен эле.
Азыркы шаардык кеңештин ыйгарым укугу быйыл июнь айында аяктаган. Акыркы шайлоо 2008-жылы мөөнөтүнөн эки жыл мурда өткөрүлгөн болчу.
Быйыл майда Украинанын Конституциялык соту келерки шайлоо 2015-жылы болот деген чечим чыгарган.
Шаардык кеңештин бүгүнкү сессиясына нааразылык билдирип, оппозициянын жүздөгөн активисттери да жыйналды. (UE)