Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Синай жарым аралындагы кол салуудан Египеттин 24 полицейи мерт болду


Маалыматтарга караганда, алар буктурмада калып каза тапкан. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, окуя бүгүн эртең менен болгон.

Египет армиясы исламчыл президент Мухаммед Мурсини бийликтен кулаткан 3-июлдан бери согушкерлер Синай жарым аралында коопсуздук күчтөрүнө каршы багытталган чабуулду күчөттү. Бул аралыкта Мурсини колдогон “Мусулман агайындар” кыймылынын 36 жактоочусу талаштуу жагдайларда каза тапты.

Кыймыл алар полициянын унаасында тумчугуп өлгөнүн айтса, ички иштер министрлиги полиция барымтага алынып, алардын унаасына көздөн жаш агызуучу газ атылганда мерт болгонун билдирүүдө. Өткөн аптада Египетте мурдагы президент Мурсинин жактоочулары менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышынан 830тай кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG