Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Журабаева: Кара-Сууда шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылбайт


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрөга орун басары Гүлнара Журабаева Кара-Суудагы чыр шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз боло албай тургандыгын “Азаттыкка” билдирди. “Атышкан окуя негиз боло албайт. Ал үчүн эле жокко чыгара албайбыз. Башка мыйзам бузуулар болсо карайбыз”, - деди Журабаева. Азырынча шайлоо жыйынтыгы айтыла элек.

18-августта Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо учурунда Социал-демократтар жана "Өнүгүү" партияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда чыр чыгып, ок атылган. Андан эки адам жараат алып, ооруканага жаткырылды. Чыр добуш берүү жүрүшүндө чыкканы айтылууда.

Ал ортодо "Кыргыз-Ата" партиясы Кара-Суудагы шайлоо жыйынтыгын тааныбай тургандарын айтып чыгышты. Партия лидерлеринин бири Төлөгөн Келдибаев “Шайлоодо эл добуш берген жок. Добуштардын баары уурдалды. Жергиликтүү бийлик менен криминалдык топтор шайлоодогу добуш берүүгө толугу менен таасирин көрсөтүштү. Шайлоонун жыйынтыгын толугу менен жокко чыгарууну БШКдан талап кылам”,-деп билдирди.

31 депутаттык орун үчүн шайлоого 7 партия ат салышты. Алар ошол эле “Кыргыз-Ата”, “Замандаш”, “Бир бол”, “Ата-Мекен”, “Мекен ынтымагы”, “Өнүгүү” жана Кыргызстан Социал Демократтар партиялары. Булардан жалпысы болуп 325 адам талапкер болгон. (КЕ/ErN)

XS
SM
MD
LG