Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Кыргызстанга кеткен чех альпинисти дайынсыз


Чех альпинисти Филип Швайнер
Чех альпинисти Филип Швайнер
Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн Филип Швайнердин достору электрондук кат аркылуу билдиришти. Алардын айтымында, Швайнер деңиз деңгээлинен 7000 метр бийиктиктеги Ленин чокусун багындырууга 8-августа өз алдынча аттанган жана андан ошондон бери кабар жок.

Башка альпинисттер Швайнерди 14-августа базалык лагерде жолуктурушкан эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Азаттыкка” аларда чех альпинистинин Кыргызстан аймагында жоголгону тууралуу кабар жоктугун жана издөө иштери үчүн арыз берилүүсү зарылдыгын айтышты.

Быйыл июнь-август айларында Кыргызстанда бир орусиялык, бир швейцариялык альпинст каза таап, алардын сөөгү тоодон түшүрүлгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG