Мындай чечим дипломаттардын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Египеттеги кризис боюнча эртеңкиге белгиленген кеңешмеге шаркетке мүчө 28 өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышмакчы.
Еврошаркет менен Еврокомиссиянын президенттери Херман ван Ромпей менен Жозе Мануэл Баррозунун бир күн мурдагы билдирүүсүндө Египеттеги соңку окуялар “өтө кооптондурарлык” деп бааланып, “кыянатчылыктар тезинен токтоосу” керектиги белгиленген.
Брюссел ошондой эле расмий Каир менен алака-катышын тезинен кайра карай турганын да эскерткен.
Өткөн аптада Египетте коопсуздук күчтөрү менен бийликтен кулатылган президент Мухаммед Мурсинин жактоочулары ортосундагы кагылыштардан кеминде 830 кишинин өмүрү кыйылган. (UE)