Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:27

Бүгүн "атажуртчу" депутаттарды мандатынан ажыратуу маселеси каралат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров кабарлады. Анын айтымындагы, БШКга Жогорку Соттун “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары боюнча токтому келип түштү. Мындан улам аталган токтомго негиздеп, бүгүнкү жыйында депутаттарды мандатынан ажыратуу маселеси каралмакчы. Мандатынан ажыраган депутаттардын ордуна “Ата-Журт” партиясынын тизмесинде турган талапкерлер депутат катары катталат.

Жогорку Сот 6-августта “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду күнөөлүү деп тапкан. Ага ылайык, сот былтыр 3-октябрдагы митингде бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айыптап, Ташиев менен Жапаровго 1 жыл 5 ай, Мамытов менен Ташиевдин жансакчыларына 1 жылдан жаза мөөнөтүн берди. Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды күнөөлүү деп тапса, Бишкек шаардык соту актаган болчу. Жогорку Соттун өкүмүн депутаттар саясий чечим деп баалап жатышат. (BkA)

XS
SM
MD
LG