Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Египет: “Мусулман агайындардын” лидери камалды


Египеттин мамлекеттик маалымат каражаттары исламчыл “Мусулман агайындар” кыймылынын лидери кармалганын кабарлашты. Мухаммед Бадини коопсуздук күчтөрү бүгүн таң эртеден Каирдеги үйүнөн кармашкан.

70 жаштагы Бади “Мусулман агайындардын” лидерлеринин бири. Ага кыймылдын башка мүчөлөрү менен бирге июль айында айып тагылган болчу. Бадинин соту 25-августта башталмак. Ал ортодо БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун дүйшөмбүдө "Мусулман агайындардын" 36 жактоочусунун өлүмүнө тынчсызданганын билдирип, 25 полициячынын өмүрүн алган кол салууну да сындап чыкты.

Өткөн шаршембиден берки Египеттеги бийликтен кулатылган президент Мухаммед Мурсинин тарапкерлери менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышынан 900дөн ашык адам мерт кетти. Алардын 100гө жакыны коопсуздук кызматкерлери.

XS
SM
MD
LG