Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Талап-тоноо боюнча тергөөнүн алгачкы жыйынтыгы чыкты


2010-жылдагы апрель окуяларында талап-тоноочулук боюнча тергөө ишинин алгачкы жыйынтыктары чыгарылды. Бул тууралуу ишти тергеп жаткан мекемелер аралык тергөө тобунун жетекчиси Асылбек Чекиров “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, тергөө жүрүшүндө алты айыпкердин иши бөлүнүп, сотко жөнөтүлдү. Ал эми калган иштер боюнча тергөө уланып жатат. Иши сотко өткөн айыпкерлердин ким экенин Чекиров атоодон баш тартты.

Мурда белгилүү болгондой, мурунку ички иштер министри, Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин жаңы жүйөлөрүнө байланыштуу май айында Башкы прокуратура 2010-жылы апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча кылмыш ишти кайра жандандырган. Мекемелер аралык тергөө тобуна 20-августка чейин “Ата Мекен” партиясынын айрым депутаттарынын мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-мүлкүн талап-тоноого тиешеси бар же жоктугун иликтөө тапшырылган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG