Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

АКШ Дэвид Миранданын кармалышына тиешеси жоктугун билдирди


АКШнын жашыруун программасы тууралуу биринчи болуп жазып чыккан журналисттин жубайынын Британияда кармалышына Кошмо Штаттар катышы жоктугун билдирди.

Дэвид Миранда жекшембиде Британиянын Хитроу аэропортунда кармалып, 9 саат сурак берип чыккан. Миранда АКШнын жашыруун программалары тууралуу “Гардиан” гезитине алгачкылардан болуп макала жазган журналист Гленн Гринвальддын жубайы. Гринвальдга мындай маалыматты Чалгын кызматынын мурдагы кызматкери учурда Орусиядан башпаанек алган Эдвард Сноуден берген. АКШ Миранданы кармоону Британиядан өтүнгөнүн четке какканы менен, анын кармалары тууралуу маалымат келип түшкөнүн тастыктап жатат.

XS
SM
MD
LG