Бул тууралуу кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргоо боюнча долбоорлордун эксперти Гүлмира Эсенгелдиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул өлкөдө Орусиядагыдай мыйзамдуу түрдө жумушка уруксат алуу системасы жок. Буга байланыштуу кыргызстандык мигранттар индивидуалдуу ишкер катары убактылуу катталып, иштейт. Мыйзам чегинде катталуу мөөнөтү 90 күн. Бул убакыт бүткөндө аны узартуу үчүн өлкөдөн чыгып, кайра кирүүгө аргасыз.
Кыргызстандык укук коргоочулар 5-8-августта Казакстандын Астана, Алматы шаарларында болушуп, ар кайсы базарда иштеген мигранттардын жашоо-турмушу менен таанышып, аларга кандай укуктук жардам керектигин иликтеп келишти. Иликтөөнүн жыйынтыгы сентябрь айынын ортосунда жарыяланат. Буга чейин укук коргоочулар тобу Орусияда болуп кайтышкан. (AzK)