Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Бишкекте “Тарбия жана билим” борбору ачылды


Бул туурасында “Азаттыкка” аталган борбордун жетекчиси Кадыралы Коңкобаев билдирди. Борбор Түштүк Кореянын “Азия балдарына камкордук” деген фонду тарабынан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда биринчи жолу ачылып жатат.

Саамалыктын максаты - ата-эне мээриминен өксүк, аз камсыз жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү. Өлкөнүн ар кайсы региондорунан тандалып алынган, зирек, таланттуу балдар Бишкектеги борбордо үй шартындагыдай таалим алып, шаардагы эң мыкты деген мектеп, окуу жайларда билимин улантат. Ушу тапта 5-класста окуган беш окуучу жана үч студент тандалып алынды. Мындай кайрымдуулук борборлору азыр Кытай, Монголия баштаган тогуз мамлекетте иштеп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG