Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

БШК “атажуртчу” үч депутаттын мандатын алды


Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров билдирди. Депуттардын мандаты Жогорку Соттун чечиминин негизинде алынды. Депутаттардын күбөлүктөрү БШК токтому жарыяланган күндөн тарта жараксыз болуп эсептелет. БШК жыйынына депуттар өздөрү катышкан жок, алардын биринин адвокаты келген.

Жогорку Сот 6-августта “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду күнөөлүү деп тапкан. Ага ылайык, сот былтыр 3-октябрдагы митингде бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айыптап, Ташиев менен Жапаровго 1 жыл 5 ай, Мамытов менен Ташиевдин жансакчыларына 1 жылдан жаза мөөнөтүн берди. Жогорку Соттун өкүмүн депутаттар саясий чечим деп баалап жатышат. (AzK)

XS
SM
MD
LG