Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Мекенчил жаштар Соң-Көлдө курултай өткөрүшөт


“Бүткүл Кыргызстан” жаштар саясий партиясы баштаган уюмдар, саясий партиялар Соң-Көлдүн Таш-Дөбө жайытында курултай өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кутман Жол” коомдук бирикмесинин Нарын облусу боюнча жетекчиси Эрланбек Өмүралиев билдирди.

Өмүралиевдин айтымында, мекенчил жаштар позиция, оппозиция деп бөлүнбөй, кызыкдар тараптардын баарын чакырып, башын бириктирүү максатын көздөп жатышат. Курултайда жаштардын концепциясы иштелип чыкмакчы. Анын негизинде декларация кабыл алынып, президентке, парламентке, өкмөткө кайрылуу жолдонот. Курултай 24-августта болот. Ага бир катар парламент депутаттары дагы чакырылган.(AzK)

XS
SM
MD
LG