Тажикстанга иш сапары менен барган өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн Дүйшөмбү шаарында өткөн суу маселесине арналган аймактык конференцияга катышты.
- Суунун маанилүүлүгү өсүп жаткандыгына байланыштуу бул конференциянын да мааниси зор. Суу биздин өнүгүүбүзгө жана аймактык туруктуулуукка түздөн-түз таасир этет. Сууну эч кайсы башка ресурс менен алмаштыра албайбыз. Мунай, газ, атүгүл алтынсыз да жашай алабыз, бирок суусуз эч ким жашай албайт, - деди Сатыбалдиев.
Премьер-министр суунун натыжайсыз пайдаланып жаткандыгына жана аймактагы сууга байланыштуу сүйлөшүүлөргө да токтолду.
Өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Сатыбалдиев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана премьер-министри Акил Акилов менен жолугушат. Анда негизинен кыргыз-тажик чек ара кызматташтыгы талкууланаары күтүлүүдө.