Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:32

Кыргыз балбан улан-кыздары Сербияда

Бүгүн Сербиянын Зренянин шаарында Бишкек убактысы боюнча 18.00дө уландар арасында Дүйнө чемпионаты башталат. Грек-рим, эркин жана кыздар арасында күрөш таймаштарына Кыргызстандан жыйырмага чукул балбандар катышканы турат. Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча беш салмакта Нузупбек Топчубаев, Калы Сулайманов, Эльмар Талантбек уулу, Адилет Токтобеков жана Бексултан Махмудовдор күч сынашат.

Оюн 25-августта жыйынтыкталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” грек-рим күрөшү боюнча улук устат, эмгек сиңирген машыктыруучу Ратбек Мамбетов билдирди.(AzK/KMa)
XS
SM
MD
LG