Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Эрдоган египеттик аскерий жетекчиликти жана Израилди айыптады


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Израилди Египеттин мурдагы президенти Мухаммед Мурсинин кетишин уюштурду деп күнөөлөдү. Ал бул тууралуу өзүнүн Акыйкаттык жана Өнүгүү партиясынын жолугушуусунда билдирди. Эрдогандын пикиринде, Израил египеттик аскерлерге Мурсини кетирүүгө көмөктөшкөн. Эрдоган сүйлөп жатып Израилдин юстиция министринин 2011-жылы Францияда сүйлөгөн сөзүн эстеди. Анда министр “Мусулман агайындар” шайлоодо жеңсе да, бийликте көпкө кала албайт деп айткан.

Мурси 2012-жылы Египеттин тарыхында биринчи жолу демокартиялык жол менен президент болуп шайланган. Бирок туура бир жылдан кийин миңдеген адам катышкан толкундоолордон соң аскерий жетекчилик тарабынан бийликтен кетирилген. Түркия египеттик аскерий жетекчиликти Мурсини колдогон демонстранттарга каршы күч колдонгону үчүн сындаган. Полиция менен кагылышууда “Мусулман агайындардын” 900гө жакын жактоочусу көз жумду.

XS
SM
MD
LG