Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Ош-Жалал-Абад дирекциясында мыйзам бузуулар аныкталды


Бул тууралуу аталган дирекциянын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Абдыжапар Бекматов кабарлады. Анын айтымында, комиссия текшерүүнү жыйынтыктап калды. Алгачкы жыйынтыктарга ылайык, дирекция бөлүнгөн каражатты үнөмсүз пайдаланып, керексиз кызматтарды ачканы, курулуш эрежелерине жооп бербеген көп кабаттуу үйлөрдү курганы белгилүү болгон. Комиссия корутундуну сентябрда депутаттар каникулдан келген соң парламенттин жалпы жыйынына алып чыгат.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы 2010-жылдын июнь окуясынан кийин түзүлгөн. Ал жабыркагандарга жардам, курулуш жана каржылык көмөктү жөнгө салуу милдетин аткарып келген. Дирекция мамлекеттик башкарууну оптимизациялоо боюнча комиссия сунушуна байланыштуу быйыл январь айында жоюлган.(BkA)

XS
SM
MD
LG