Египетте «Мусулман агайындар» кыймылынын диний лидери Мухаммед Бади 15 күнгө камалды. Өлкөнүн мамлекеттик телеканалынын кабарлашынча, ага демонстранттарды өлтүрүүгө шыкакчы болгон деген айып тагылып жатат. 70 жаштагы Бадини коопсуздук күчтөрү шейшемби таң эртеден Каирдеги үйүнөн кармашкан. Ал бир айга жакын убакыттан бери издөөдө болчу. “Мусулман агайындар” кыймылы баштаган исламчы уюмдар Бадинин камалышын кескин сындап чыгышты.
Өткөн аптадан бери Египетте бийликтен кулатылган президент Мухаммед Мурсинин тарапкерлери менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышынан 900дөн ашык адам мерт кетти. Бадини камалышы жаңы кагылыштарды жаратышы мүмкүн деген тынчсыздануулар айтылууда.