Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюму Грузия бийликтерине белгилүү оппозициялык тажик журналисти Додожан Атовуллоевди бошотууга чакырды.
Атовуллаев шейшембиде Тбилисиде аэропортто кармалган. Журналист “Азаттыктын” тажик кызматына телефон аркылуу маегинде ал тажик бийликтеринин өтүнүчү менен кармалганын жана терроризмге күнөөлөнүп жатканын билдирген.
Додожан Атовуллоев тажик президенти Эмомали Рахмон жана анын үй-бүлөсүн сындап чыкканы менен белгилүү. Ал өткөн айда Москванын "Шереметьево" аэропортунда да кармалып, кайра бошотулган болчу. Мындан улам “Чек арасыз кабарчылар” уюму тажик бийликтеринен журналистти саясий себептен улам куугунтуктоону токтотууну суранды.